Транспорт министрлиги 669 жаңы техника сатып алат

24.03.2023, 14:26 Акчабар
Транспорт министрлиги 669 жаңы техника сатып алат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги быйыл 669 жаңы техника сатып алат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынганы жатат.

Буга чейин 2015-2023-жылдар аралыгындагы алынган техникалардын көрсөткүчтөрү:

  • 2015-жылы Япония өкмөтүнүн JICA долбоору аркылуу 355 техника жардам катары келген.
  • 2016 жана 2017-жылдары көзгө көрүнөрлүк деле техника сатылып алынган эмес.
  • 2018-жылы япониялык компания JICA тарабынан гранттык негизде ИСУЗУ базасында 6 автоустакана бөлүнүп берилген.
  • 2019-жылы 46 техника насыяга алынган.
  • 2020-жылы техника алынган эмес.
  • 2021-жылы аз санда гана техника алынган.
  • 2022-жылы 32 техника алынган. Ага жалпы 2 млн 353 миң доллар каражат бөлүнгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу