Салыктарды мындан ары онлайн аркылуу төлөөгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Онлайн төлөмдү бардык банк мекемелериндеги кассаларга, почта бөлүмдөрүнө, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу ишке ашырса болот.
Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак-жай салыгы жана жер салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.
«Ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл», - деп жазылат маалыматта.
Салыктардын суммасын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькулятор аркылуу өз алдынча эсептеп алууга болот.
Кеңири маалымат алуу үчүн 1240 номерине чалып же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алуу мүмкүн.