Транспортко салыкты онлайн кантип эсептеп, төлөсө болот?

17.08.2022, 16:21 Акчабар
Транспортко салыкты онлайн кантип эсептеп, төлөсө болот?

Салык төлөөчүлөрдүн эсине! Транспорттук каражаттарга (IV группадагы мүлк) салык төгүү мөөнөтү жакындап жатат – мамлекет алдындагы милдетти 2022-жылдын 1-сентябрына чейин аткаруу керек.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, салык өз учурунда төгүлбөсө жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сомдон айып салынат.

Транспортко салыкты MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay тиркемеси аркылуу төмөнкү артыкчылыктарды колдонуу менен төлөсө болот:

  1. унаа ээлери КРнын Мамлекеттик салык кызматтарына барууга, төлөмдүн суммасын тактоого убакыт коротушпайт – тиркеме салыктын суммасын автоматтык түрдө эсептейт;
  2. MegaPay аркылуу салык төлөө күнү-түнү бардык локациядан жеткиликтүү;
  3. чекти жоготуп алуу же терминалдын чек бербей калуусу у сыяктуу көйгөйлөр жок болот, себеби, дүмүрчөк тиркемеде сакталат. Зарыл болуп калган учурда документти телефонго сактап алуу же аны кагазга басып чыгаруу үчүн мессенджерлерде бөлүшүү оңой.

MegaPay аркылуу салыкты кантип онлайн эсептеп, төлөсө болот?

  • Google Play же App Store'дон тиркемени жүктөп же жаңылоо;
  • «Сервистер» бөлүмүн ачып, андан соң «Автоналог» баракчасын ачыңыз;
  • ИНН, унаанын номерин жазып жана транспорттун түрүн, облус районду көрсөтүү;
  • «Салыкты эсептөө» баскычын басып, унаанын ээси, транспорттук каражат төлөнө турган сумма жөнүндө чыккан маалыматтар менен таанышыңыз;
  • «Төлөө» баскычын басып төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр! Кызмат үчүн комиссия – 20 сом.

Акча каражатын которуу максималдуу тез убакта жүрүп, төлөмдү тастыктаган чек «Төлөм тарыхына» автоматтык түрдө сакталат. Төлөмдүн статусун, ошондой эле МСКнын сайтынан ИИН аркылуу, реквизиттин номери жана чектин датасы аркылуу да текшерсе болот.

Убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөңүз – MegaPay'дин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалан.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу