Кыргызстанда үй курулуп бүтө электе батир сатууга тыюу салынышы мүмкүн

16.03.2023, 14:05 Акчабар
Кыргызстанда үй курулуп бүтө электе батир сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында Бакыт Төрөбаев батир алуу үчүн көп кабаттуу үйлөргө акча салган жарандар батирин ала албай калган учурлар болуп жатканын баса белгиледи. Мындан улам, учурда жарандарды коргоо максатында өкмөттүн көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө жобо иштелип жатат. 

“Жобого ылайык, курулуш компаниялар баштаган ар бир үйдү аягына чейин чыгаруу милдеттендирилет. Ошондой эле, үйдүн курулушу толук бүткөрүлмөйүнчө батирлерди сатууга тыюу салынат”, - деди Төрөбаев. 

Жакын арада бул жобо ишке киргизилгенден тартып курулуш компаниялары менен жарандардын ортосунда ачык айкындуулук болот. 

“Иш натыйжалуу болуш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компаниялардын жетекчилеринин жыйындары тынымсыз өткөрүлүп турат, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу