Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

01.04.2022, 09:47 Акчабар
Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өнүктүрүү, анын ичинде калктын социалдык аялуу катмары үчүн долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Бишкек шаарында 8-апрелде өтүүчү «Кыргызстандын энергетикалык секторун трансформациялоо» аттуу энергетикалык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады.

Тэги: дүйнөлүк банк энергетикалык сектор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу