Төрөгелдиева: өкмөттөн 100 миң сом алып, кол өнөрчүлүк бизнесин баштадым

22.05.2024, 16:55 Акчабар
Төрөгелдиева: өкмөттөн 100 миң сом алып, кол өнөрчүлүк бизнесин баштадым

“Социалдык контракт” программасына катышкандардын 95,6%ын айымдар түзөт жана үй-бүлөнүн бакубат жашоосун жакшыртууда аялдар лидер болууда. Бул тууралуу “Жаңы кадам” республикалык кеңешмесинде айтылды. 

Иш-чарада программанын катышуучулары өздөрүнүн ийгиликтери жана пландары менен бөлүшүштү. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү аймактардан келген.

Долбоордун катышуучусу, хоббисин бизнеске айландырган Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылынын тургуну сүрөтчү, кол өнөрчү Төрөгелдиева Эльза. Ал “Акчабарга” программанын негизинде 100 миң сомго кол өнөрчүлүккө керектүү шаймандарды, жабдууларды жана жиптерди сатып алып, ишкердигин баштаганын айтты.

“Кийизге саймалардын элестерин түшүрүп, жип жана жүн менен ар түрдүү образдагы сүрөттөрдү тартам. Адамдардын портреттерин, жаныбарлардын сүрөттөрүн жана жаратылышты чагылдырам. Мен жасаган картиналар Бельгияга, Швейцарияга да сатылды. Цехимде туристтерге кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды өтүп турам. Ушундай жол менен өлкөгө салымымды кошуп жатам ”, - деди ал. 

Төрөгелдиеванын айтымында, анын колунан жаралган сүрөттөр оорчулугуна жараша 3 миң сомдон 50 миң сомго чейин сатылат.

"Портреттер кымбатыраак бааланат. А4 форматындагы чакан сүрөттөрдү 1000 сомго жакын баага сатып алса болот. Ал эми 30х40 форматындагы  сүрөттөрдүн баасы 1,5 миңден башталат", - деди ишкер айым. 

 

Тэги: социалдык контракт кол өнөрчүлүк ишкердүүлүк бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу