Түрк экономикасы жер титирөөдөн кандай чыгым тартты?

24.02.2023, 17:30 Акчабар
Түрк экономикасы жер титирөөдөн кандай чыгым тартты?

Түркияда кыйраган жана катуу жабыркаган 333 миң үйдү калыбына келтирүүгө болжол менен 20 миллиард доллар керектелиши мүмкүн. Бул тууралуу ББС түрк кызматы Түркиядагы Коч университетинин профессору Селва Демиралптын макаласына таянып жазып чыкты.    

Профессор Демир Алптын айтымында чыгымдарды эсептөө оңой эмес. Анткени жер титирөөдө келтирилген зыянды аныктоо боюнча маалыматтар улам жаңыланууда. Ошентсе да, чыгымдарды болжолдоого болот.  

Демир Алп Түркиядагы жер титирөөнүн экономикалык чыгымын эки пунктка бөлүп караган: 

  • бузулган имараттарды, шаарларды кайра курууга кеткен чыгымдар; 
  • жер титирөөдө жоголгон өндүрүштүк кубаттуулуктун баасы.  

“Эгер 17-февралга карата кыйраган же катуу жабыркаган 333 миңге жакын үйлөрдү калыбына келтирүүнү алсак, болжол менен 20 миллиард доллар талап кылынышы мүмкүн. Эгерде калктуу конуштар жарака сызыгынан алыс жайгашкан аймактарга көчүрүлсө, турак жайлардын саны да бир топ көбөйөт жана кошумча инфраструктуралык чыгашалар пайда болот”, - деп айтылат малыматта. 

Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү чукул муктаждыктар үчүн болжол менен 25 миллиард доллар сарпталары белгиленген. Миллионго жакын адамга баш калкалоочу жай жана муктаждыктары үчүн 3-5 миллиард доллар кетсе, кайра курула турган үйлөргө эң аз 20 миллиард долларлык чыгымды болжолдоого мүмкүн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу