Бүгүнкүгө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 104 миллион 309 миң 903,55 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Эске салсак, 6-7-февралда Түркия жана Сирияда катуу жер силкинген. Мындан улам Түркияда 48 миңге жакын, ал эми Сирияда 8,5 миңге жакын адам каза таап, миңдеген жарандар баш панаасыз калышкан.
Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евродо акча которууда.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане