Түркияга окууга жеке клиниканын дарыгерлери кеткен

21.02.2024, 13:15 Акчабар
Түркияга окууга жеке клиниканын дарыгерлери кеткен

Жеке клиникалардын дарыгерлери жана операцияга тиешеси жоктор Түркияга мамлекеттин эсебинен орган трансплантациялоо боюнча окууга кетишкен. Муну саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында моюнга алды.

Министр Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Малатияда жайгашкан Инөну университетине кыргызстандык трансплантолог дарыгерлерди даярдоону жана Кыргызстанда органдарды трансплантациялоого көмөк көрсөтүүнү тапшырганын билдирди.

“Андан кийин Кыргызстанга Түркиядан профессор Ахмед Кализай баштаган делегация келген. Бул сапардын алкагында КММА жана ОшМУ менен меморандумдарга кол коюлду. Бирок  окууга барган алгачкы эки топ туура эмес чогулган. Бул көйгөйдү ачык талкуулоо керек. Ал жакка скальпель кармаганды билген, боор кайда экенин билген тажрыйбалуу дарыгерлер барышы керек”, - дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов окууну аяктап, кайтып келгендердин көбү жумушка орношо албай жатканын айтты.

“30га жакын дарыгер Түркияда окуп келген. Алардын тамак-ашы, жатаканасы сыяктуу бардык чыгымдарын түрк тарап көтөрдү. Бул дарыгерлер кайтып келгенде, көбү жумушсуз калышты. Бирок алар ал жактагы операцияларга катышкан, биз алардын ал жактан үйрөнгөндөрүн колдонушубуз керек”, - деди депутат. 

Министр окууга жиберилгендер негизинен жеке клиникалардын дарыгерлери экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, министрлик бул дарыгерлерди бир нече күндөн кийин кайра чакыртып алган.  

Депутаттын бул кандайча болду, дарыгерлер министрдин буйругу менен жөнөтүлөт эмеспи деген суроосуна министр Алымкадыр Бейшеналиев так жооп берген жок. Ал болгону, бул ал министр болуп дайындала электе болгонун жүйө келтирди. 

“Биринчи жана экинчи партияда окуудан өткөндөр жумушка орношо алышкан жок. Барышып, окушуп, эми жумушка орношууну сурап жатышат. Алар менен сүйлөштүм, клиникалык ординатураны бүтүрүшкөн экен. Бири Новосибирскиде, экинчиси Томскиде, үчүнчүсү башка жерде окуптур. Жумушсуз жүрүп, бул долбоорду угуп, тизмеге кирип, окууга кеткен. Ал эми биз өзүбүз жөнөткөн дарыгерлер жумушун, ал тургай айлыктарын сактап калышты”, - деди Бейшеналиев. 

Бирок депутат бардык окутулган дарыгерлерди иш менен камсыз кылууну талап кылды. Бул маселени чечүү үчүн депутаттардын арасынан жумушчу топ түзүүнү жана дарыгерлерди Түркияга жөнөтүүнү көзөмөлгө алууну сунуштады.

Депутат менен министрдин сүйлөшүүсүнө дагы бир депутат Элмурза Сатыбалдиев кийлигишти.

“Мен министрге кошулам. Анткени, окуудан өткөн 30 адамдын ичинен үч гана дарыгер операция жасаганга жарайт. Канчалык жашырылбасын, түрк тарап өз сунуштарын берип койгон”, - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри түрк тараптан үч гана хирургга операция жасоого уруксат берилген кат келгенин тастыктады. Ошондой эле алар дүйнөдө биринчи жолу бир эле учурда алты бейтапка трансплантация операциясын жасашканын, ага Кыргызстандан хирургдар катышканын билдиришти. 

Министр учурда Түркияда боор трансплантациясы боюнча 22ге жакын адис, сөөк чучугун алмаштыруу боюнча 10 адис жана 3 лаборант окуудан өтүп жатканын билдирди. Ал эми марттын башында түрк профессорлорунун делегациясы Кыргызстанга кайрадан келиши күтүлүүдө, алар республиканын органдарды трансплантациялоо операцияларын жүргүзүүгө даярдыгын карайт.

“Улуттук хирургия борборунда трансплантация бөлүмү ачылып жатат. Бул үчүн 13 млн сом бөлүнгөн. Азыр оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат”, - деген министр Түркияда окуудан өткөндөрдүн көбү операция жасай албай турганын баса белгиледи.

Жыйындын соңунда депутаттардын ичинен Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Айбек Маткеримов кирген жумушчу топ түзүлүп, топту Медербек Алиев жетектеди. Жумушчу топ эмне үчүн мамлекеттик ооруканада иштебеген хирургдар өкмөттүн эсебинен окууга жиберилгенин, буга чейин окутуп келгендерди жумушка орноштурууга болобу, ошону тактап, бөлүнгөн 13 млн сомдун максаттуу жумшалышын көзөмөлдөйт. 

 

Тэги: трансплантология коомдук саламаттык Алымкадыр Бейшеналиев Түркия дарыгер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу