Кыргызстандыктар Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн 83 млн 722 284,54 сом чогултту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которууда.
Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирияда катуу жер титирөө катталган. Зилзалада Түркияда 45 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрады.