Бүгүнкүгө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 26 миллион 300 миң 937 сом жана 13 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 7-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Жардамды төмөнкү маалымат менен берсе болот:
Кошумчалай кетсек, түрк бийлиги урандылардын астынан 35 миң 418 адамдын сөөгү табылганын айтса, Сирия бийлиги 5 миң 800дөн ашуун адамдын өлгөнүн кабарлады. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияда урандылардын астынан 8 миңден ашуун адам тирүү чыгарылганын билдирди.