Түркия биринчи «TOGG» электр унаасын сатыкка чыгарат

14.03.2023, 15:10 Акчабар
Түркия биринчи «TOGG» электр унаасын сатыкка чыгарат

Түркиянын биринчи “TOGG” (Türkiye'nin Otomobili Girişim Grubu A.Ş) электр унаасы ушул аптада сатыкка чыгат. Бул тууралуу TRT кызматы Түркиянын Өнөр жай жана технология министринин орун басары Мехмет Фатих Кажырга таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, “TOGG” унаасынын кубаттуулук запасы 500 километрге чейин жетет жана аккумуляторду жарым саатта эле 80% кубаттоого мүмкүн.

“TOGG дүйнөдөгү эң ийгиликтүү электр унаа бренддеринин бири жана көптөгөн технологиялык демилгелердин жаралышына себепчи болот”,- деди Мехмет Фатих Кажыр.

“TOGG” электр унаасы Бурса Гемликтеги өндүрүш базасында 2022-жылы 29-октябрда өндүрүлө баштаган. Жылдын аягына чейин 20 миңдей автоунаа чыгарылат. 2030-жылга чейин 1 миллион унааны өндүрүү пландалууда. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу