Хафизе Эркан Түркиянын Борбордук банкынын башкаруучусу болуп дайындалды. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тарабынан дайындалган. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.
Ал Түркиянын Борбордук банкын жетектеген биринчи аял болуп калды.
41 жаштагы Хафизе АКШнын корпоративдик дүйнөсүндө каржы кызматтары, банк иши, инвестиция, тобокелдиктерди башкаруу, технология жана санариптик инновациялар тармагында тажрыйбасы мол.
Эркан 1982-жылы Стамбулда төрөлгөн. Атасы инженер жана апасы математика жана физика мугалими. Түркиядагы эң мыкты мамлекеттик мектептердин бири Стамбул орто мектебин бүтүргөн. Түркиянын Босфор университетинде өнөр жай инженерлиги боюнча билим алып, 2006-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Принстон университетинде операциялык изилдөө жана каржы инженериясы боюнча докторлук даражасын алган.
Ошондой эле, ал 2015 жана 2016-жылдары Гарвард жана Стэнфорд бизнес мектептеринин бизнес программаларын аяктаган.