Төрт шаарды таза суу менен камсыздоого 18 млн евро насыя алынат

17.01.2024, 12:23 Акчабар
Төрт шаарды таза суу менен камсыздоого 18 млн евро насыя алынат

Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу тутумдарын оңдоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 18 млн евро өлчөмүндө акча алынат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн үчүнчү окууда жактырылды. 

Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, жалпы сумманын 10 млн евросу — насыя, 8 млн евросу – грант. Ал эми кайтаруу мөөнөтү  — 15 жыл. Насыяны төрт шаардын мэриясы өз эсебинен төлөшөт.

Депутат Гуля Кожокулова насыянын 2 млн 600 миң евросун долбоордун алкагында кеңешчилерге коротулуп жатканын белгиледи.

“Ал кандай кеңешчилер? Эмне иш аткарат? Менин бул суроолорум жоопсуз калып жатат.  Андан сырткары долбоорду ишке ашырууда сууга акы 80 пайызга көбөйтүлөт. Эмнеге муну ачык айтпайсыңар. Эл билиш керек”, - деди эл өкүлү.

 

Тэги: таза суу менен камсыздоо насыя грант жана кредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу