Төрт жылда насыя портфелинин жалпы көлөмү 76,1 млрд сомго жогорулады

21.02.2023, 15:14 Акчабар
Төрт жылда насыя портфелинин жалпы көлөмү 76,1 млрд сомго жогорулады

Акыркы 4 жылдын ичинде насыя портфелинин жалпы көлөмү 76,1 млрд сомго, же 59,5%га өстү Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, былтыр насыя портфелинин жалпы көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 76,1 млрд сомго, же 59,5%га өскөн. 2022-жылдын акырына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү:

  • 2022-жылга 204,0 млрд сом,  
  • 2021-жылга 181,8 млрд сом,   
  • 2020-жылга 162,6 млрд сом, 
  • 2019-жылга 146,4 млрд сом, 
  • 2018-жылга 127,9 млрд сомду түздү.  

Ошондой эле, 2022-жылы кредит портфелинин түзүмүндө эң көп көлөм узак мөөнөттүү насыяларга туура келет. Ага ылайык, узак мөөнөттүү насыя 166,7 млрд сомду (81,7%), ал эми кыска мөөнөттүү насыя 31,8 млрд сомду (15,6%) түзөт. 

Банк кардарларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын үлүшү 5,5 млрд сомду же 2,7%ды түздү. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу