Түштүк Кореянын Чечхон шаары менен Талас облусу кызматташтык келишимин түздү

29.03.2023, 16:05 Акчабар
Түштүк Кореянын Чечхон шаары менен Талас облусу кызматташтык келишимин түздү

Кечээ, 28-мартта Түштүк Кореянын Чечхон шаарынын мэри Ким Чан Гю, Чечхон шаардык кеңешинин төрагасы Ли Чжонг Им жана төраганын орун басары Ли Чжэ Шин баштаган делегация өкүлдөрү Талас облусуна келишти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Жолугушууда эки тарап Чечхон шаары менен Талас облусунун ортосунда достук мамилени чыңдоо, маданият, спорт, билим берүү, өндүрүш, айыл чарба жана туризм тармагында кызматтташууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында достук-кызматташтык келишимине кол коюшту. 

Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдун айтымында, биринчи жолу аталган делегация 2012-жылы келген. 2022-жылы Чечхон шаарынын вице мэри менен Талас облусунун мэриясынын ортосунда меморандум түзүлгөн. 

“Түзүлгөн келишим эки элдин жана шаардын ортосундагы алгачкы ийгиликтердин башаты болот деген үмүттөбүз”, - деди ал. 

Белгилей кетсек, Чечхон шаары өндүрүш боюнча Түштүк Кореядагы алдыңкы шаарлардын бири. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу