Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэнин миссиясы аяктады

28.05.2024, 16:40 Акчабар
Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэнин миссиясы аяктады

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэни дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Молдогазиев элчиге кыргыз-корей кызматташтыгын чыңдоо боюнча жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, элчинин бул маселелерде, анын ичинде Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүдөгү жеке эмгегин белгиледи.

Ли Вон Чжэ КРнын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн жардам, биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы жигердүү саясий мамиленин уланышына ишенимин билдирди.

 

Тэги: Түштүк Корея дипломатия элчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу