Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын инвестициялар министрлигинин алдындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору менен Стамбул МЖӨ борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун максаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө кызматташууга негиз түзүү, ошондой эле бул багытта алдыңкы тажрыйбаны өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- мамлекеттик жана жеке сектордун МЖӨ долбоорлорун консультациялоодо, демилгелөөдө жана алга жылдырууда колдоосу;
- МЖӨ механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу;
- МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү үчүн билимдерди, көндүмдөрдү, ноу-хоу киргизүү жана алмашуу;
- тобокелдиктерди башкаруу системасы боюнча биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, МЖӨнүн учурдагы долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү, МЖӨнүн мыйзамдык жана институционалдык негиздерин иштеп чыгуу, МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана баалоо;
- кызматкерлерди МЖӨ багытында окутуу;
- көп тараптуу кызматташуу долбоорлоруна же башка эл аралык программаларга биргелешип катышуу (AP3F, PPIAF, USAID ж. б.)
Тэги: ГЧП Кырыгзстан Турция