Жер титирөөнүн кесепетинен болгон трагедия Кыргызстан менен Түркиянын биргелешкен экономикалык долбоорлоруна таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу “Акчабарга" Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.
Ал белгилегендей, Түркия менен Кыргызстандын бизнесинде да көйгөй болбойт.
"Жер титирөө 11 провинцияда болду, бирок негизги өндүрүш аймактары Бурса жана Стамбул сыяктуу шаарларда болгондуктан, эч кандай маселе жаралбашы керек", - деди элчи.
Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстан менен Түркиянын алдында жаңы максаттар турат.
"Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашты, эми биздин максат бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү", - деди Ахмет Садык Доган.