Түркия Кыргызстандын Эсептөө палатасына каржылык аудит боюнча семинар өткөрдү

22.12.2021, 14:57 Акчабар
Түркия Кыргызстандын Эсептөө палатасына каржылык аудит боюнча семинар өткөрдү

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 20-декабрда Түркиянын Эсептөө сотунун төрагасы Метин Йенер менен жолугушту. Жолугушуу Түркиянын Эсептөө соту жана ТИКА тарабынан Кыргызстандын Эсептөө палатасынын делегациясы үчүн уюштурулган каржылык аудит боюнча семинардын ачылышынын алкагында өттү. 

Өмүралиев белгилегендей, аталган семинар кыргыз делегациясына финансылык аудит тармагындагы түрк тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Кыргызстандын Эсептөө палатасынын делегаттары ТИКАнын жардамы менен тажрыйба алмашуу үчүн бул иш-чараны уюштуруп жаткан түрк тарабына ыраазычылык билдирип, окутуунун темасы Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку көзөмөл органдары үчүн актуалдуу жана өз ара кызыктуу болгонун белгиледи. 

Өз кезегинде төрага Йенер Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордош мамилелерди жана эки өлкөнүн эсептөө органдарынын тыгыз кызматташуусу зарыл экендигин белгиледи.

Тэги: Турция ТИКА Счетная палата Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу