Туристтик кызматтардын экспорту менен импортунда өсүү байкалууда

30.01.2020, 14:20 Акчабар
Туристтик кызматтардын экспорту менен импортунда өсүү байкалууда

Кыргызстандын туризм тармагы экономиканын  артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, бирок эл аралык эксперттердин баамында, Кыргызстан өзүнүн туристтик потенциалын 15% гана колдонот. Бул тууралуу «Кыргызстандагы түризмдин өнүгүүсүнүн динамикасы жана перспективалары, туризм тармагындагы көрсөткүчтөрдү чогултууну жана эсептөөнүү  жакшыртуу» аталышындагы аналитикалык жазмаларда айтылат.

Бул туризмдин өлкөнүн экономикасына башка тармактарга салыштырмалуу аз салым кошкондугунан кабар берет.

«2018-жылы туризмдин өлкөнүн Ички дүң продукциясына кошкон салымы 5 пайыздан ашкан эмес, ал эми «Туристтик ишмердүүлүктөгү дүң чыгарылыштын» 2009-2018-жылдардагы көрсөткүчү, азыркы бааларга ылайык  3 пайызга өскөн. Башкача айтканда, аталган көрсөткүч 46,6 млрд сомго көбөйгөн, ал эми «Туристтик ишмердүүлүктөгү кошулган дүң баасы» 19,7 млрдга көбөйгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, туризмдин өнүгүүсүнүн динамикалуулугу туристтик кызматтардын экспорту менен импорту өскөндүгүнөн кабар берет.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, туристтик кызматтардын экспорту менен импортунда өсүү тенденциясы байкалат: 2009-2018-жылдары экспорт 1,9 пайыз же 213,7 млн долларга, ал эми импорт эки эсеге же 138,4 млн долларга көбөйгөн.

 

Тэги: экспорт импорт өсүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу