Туристтик жайларга баруучу жолдорду курууга бюджеттен 160 млн сом бөлүндү

26.01.2022, 16:11 Акчабар
Туристтик жайларга баруучу жолдорду курууга бюджеттен 160 млн сом бөлүндү

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эл өкүлдөрү транспорт тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Депутаттар Тазабек Икрамов, Шарапаткан Мажитова өнүккөн транспорт инфраструктурасы республикада туризмди өнүктүрүүнүн негизги бөлүгү экенин баса белгилеп, бул тармактагы долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, депутаттар өлкөнүн алыскы аймактарына жолдорду куруунун маанилүүлүгүн, бул алардын экономикалык активдүүлүгүн арттырарын айтышты.

Өз кезегинде Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев быйылкы жылы туристтик жайларга баруучу жолдорду курууга жана оңдоого бюджеттен 160 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

«Узундугу 25 чакырымды түзгөн автожолдун курулушу каралууда», - деди ал.

Ал эми депутат Исхак Масалиев Транспорт министрлигинин карамагындагы жалпы пайдалануудагы жолдорду куруу маселесине токтолду.

Кайынбаев билдиргендей, болгону 18 810 миң км. жолдор Транспорт министрлигинин балансында, анын 14 миң км капиталдык оңдоого муктаж.

 «Жол тармагын тейлөөгө жылына 8 млрд сом керектелет», - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү жолдордун курулушунун жана реконструкциясынын сапатын өз убагында көзөмөлдөө, тендерлердин ачык-айкындуулугун аныктоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, бюджеттик жана инвестициялык каражаттарды эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу, жолдорду бекитилген мөөнөттө эксплуатацияга берүү, ошондой эле жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн ата мекендик подрядчыларды (субподрядчыларды) тартуу маселелерин белгилешти.

Белгилей кетсек, 25-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган Мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маселе каралды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу