Туризм фондун түзүү жана туризмди өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүндү

21.10.2021, 17:30 Акчабар
Туризм фондун түзүү жана туризмди өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүндү

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондун түзүү жана туризмди өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүндү. Бул туурасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

"Маданий, же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Туризмди өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондун түзүү жана 1 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду ремонттоо ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет", – деди Жапаров.

Ал белгилегендей, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд туристтик тармакты өнүктүрүү максатында кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот.

"Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм обьектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартууга ыйгарым укукка ээ болот. Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет. Туристик кластерлерди өнүктүрүүгө чоң маани берилет: Караколдо – тоо лыжа, Ошто – тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында – рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилет", – деп белгиледи Минкабдын башчысы.

Тэги: туризм каржы фонд минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу