Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет

09.03.2021, 14:45 Акчабар
Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Эртең, 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

 

Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштерминистри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.

Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

 

Тэги: Түркия министрлик Кыргызстан расмий сапар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу