Түркиялык ишкана «Манас» Эл аралык аэропортуна жардам көрсөтөт

21.07.2020, 12:40 Акчабар
Түркиялык ишкана «Манас» Эл аралык аэропортуна жардам көрсөтөт

Өнөкөштүк мамилелердин алкагында жана Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, түркиялык «ГАТА Хава Йоллары» (GATA HAVAYOLLARI VE TASIMACILIK A.S» жана «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК ортосунда кайтарымсыз негизде медицина жабдыктарын жана каражаттарын берүү боюнча келишим жетишилген.

Аэропорттун басма сөз кызматы кабарлагандай, келишимдин алкагында медициналык жабдыктар түрүндөгү биринчи партия келген:

  • Aero RAD UVC FAN-15 аба циркуляторунан 10 даана;
  • Пульсоксиметр 10 даана;
  • Respirox SZ-5AW Oxygen Concentrator кычкылтек концентратору 10 даана.

Ошондой эле медициналык жабдыктардын жана каражаттарынын экинчи партиясы дагы күтүлүүдө.

Медициналык жабдыктар менен каражаттар «МЭА» ААКнын аймагында ачыла турган стационарда колдонулат. Стационарда аэропорттун кызматкерлерине жана жардамга муктаж жарандарга жардам көрсөтүлөт.

«Манас» Эл аралык аэропорту» өнөктөшү «ГАТА Хава Йоллары» ишканасына жана анын президенти Вугар Аббасовго терең ыраазычылыгын билдирет.

 

Тэги: Аэропорт «Манас» ГАТА Хава Йоллары жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу