Туроператорлор Россияга авиабилеттин баасын жасалма көтөргөндүгү аныкталды

25.01.2021, 11:00 Акчабар
Туроператорлор Россияга авиабилеттин баасын жасалма көтөргөндүгү аныкталды

Туроператорлор тарабынан авиабилеттин баасы жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.

 

 

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

 

 

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Азыркы убакта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат

 

Тэги: Туроператор авиабилет Финансы полициясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу