Туруктуу өнүгүү жаатында БУУ Кыргызстанды колдойт

09.02.2023, 13:00 Акчабар
Туруктуу өнүгүү жаатында БУУ Кыргызстанды колдойт

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Кристин Антже Грейв менен жолукту. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар учурдагы жана келечектеги кызматташуу маселелерин, анын ичинде 2023-2027-жылдарга карата Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун программасын ишке ашыруу пландарын талкуулашты. Ошондой эле, өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы боюнча пикир алмашышып, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча негизги маселелерди талкуулашты.

“Экономика министрлиги өкмөттүн 2023-жылга карата иш-чаралар планы бекитилгенин, бул пландын иш-чаралары улуттук экономиканы чыңдоого жана  “жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө багытталганын  маалымдады. БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Грейв улуттук максаттарга жетүүдөгү Экономика жана коммерция министрлигинин ролун жана ишин жогору баалап, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу