Beeline жаңы директор. Ал ким?

11.04.2019, 11:45 Акчабар
Beeline жаңы директор. Ал ким?

 «Beeline Кыргызстан» компаниясында жаңы генералдык директор. 2019-жылдын 10-апрелинен тарта ​ бул кызматка Акмал Малаев келди.

Жаңы башкы директор тууралуу эмне белгилүү?

2015-жылдын ноябрынан тарта  Акмал Малаев  «Beeline Кыргызстан» компаниясында финансы директору катары иштеп келген.  

 Beeline компаниясына чейин ал бир нече компанияларда иштеп, дайыма финансы тармагын тейлеп келген. Ал Кыргызстан менен  Казахстандын телекоммуникация менен курулуш  и тармактарында иштеген.  Анын акыркы ээлеген кызматы Алма-Атадагы Ernst & Young компаниясында аудитор болуп алты жыл иштеген.  

 2010-жылы Малаев АКШ Нью-Гэмпшир  штатында  мамлекеттик бухгалтер сертификатына ээ болуп, учурда CFA III даражасын алууга камынып турган чагы.

Chartered Financial Analyst (CFA, «дипломдуу финансы талдоочусу») — эл аралык профессионалдык сертификат алгандар CFA Institute финансы аналитиги болуп, экзаменди ийгиликтүү тапшырып, билими жана тажрыйбасы менен талаптарга жооп бергендерге берилет.

Тэги: Beeline сотовый оператор кадры Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу