УБнын төрагасынын эки үйү жана үч айыл чарба жери бар

02.01.2023, 17:00 Акчабар
УБнын төрагасынын эки үйү жана үч айыл чарба жери бар

Өткөн 2021-жылы Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин кирешеси 939 миң 500,46 сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы жарыялаган бийликтеги кызматкерлердин декларациясында айтылат. 

Улуттук банктын жетекчисинин декларациясында 206 чарчы метр аянтты түзгөн бүтө элек курулуш объектилери бар экени айтылат. Буга кошумча, жалпы аянты 5 чарчы метр болгон үч айыл чарба жер тилкеси, ошондой эле аянты 49,4 чарчы метр жана  66,4 чарчы метр эки турак жайы бар экендиги белгиленген. 

Мындан тышкары Бөкөнтаевдин 9 миллион 146 миң 530,1 сомдук аты аталбаган кыймылсыз мүлкү бар. Улуттук банктын жетекчисинин жакын туугандары да 1 миллион 229 миң 259,87 сомдук аты аталбаган кыймылсыз мүлктөрдү катташкан.

Эске салсак, Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы болуп 2021-жылдын сентябрында дайындалган.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика декларация декларации чиновников Национальный банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу