Кыргызстандын Түштүк Кореяга энергия экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар

08.12.2022, 16:58 Акчабар
Кыргызстандын Түштүк Кореяга энергия экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун башкы катчысынын климаттын өзгөрүшү боюнча кеңешчиси, Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Рае Квон Чунг менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   

Акылбек Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу максатын көздөй турганын билдирди. 

“Биз электр энергиясынын дээрлик 90%ын ГЭСтер аркылуу өндүрөбүз, калктын жарымынан көбү өлкөнүн айыл чарбасы менен алектенет. Буга байланыштуу мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жана тоо токойлорун өнүктүрүү боюнча атайын программаны иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөдө мөңгүлөрдү коргоо, биоартүрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу абдан маанилүү”, - деди Акылбек Жапаров. 

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын кеңешчиси Рае Квон Чунг келечек жашыл энергияны колдонууда экенин белгиледи.

“Бизде өндүрүлгөн электр энергиясын андан ары башка өлкөлөргө экспорттоо менен Борбор Азия аймагында күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү долбоору бар. Мындай долбоорду ишке ашыруу аймакты кандайдыр бир энергетикалык борборго айландырууга мүмкүндүк берет. Корея Республикасында жашыл электр энергиясына суроо-талап жогору. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Кореяга энергия экспортун жолго коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн Кыргызстан калкты жана ишканаларды жашыл экономиканын компоненттерин колдонууга активдүү өтүүгө түрткү берүүчү экономикалык рычагдарды иштеп чыгышы керек”, - деп белгиледи Рае Квон Чунг.
 

Жолугушууда экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана климаттын глобалдык өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн Кыргызстан жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү аткарышы керек болгон иштер тууралуу мазмундуу пикир алмашуу болду.

 

Тэги: новости Кыргызстана ООН Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу