“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздарын кармоочулардын тизмелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Бул Кыргызстандын министрлер кабинетинин ушул жылдын 10-майындагы токтомуна байланыштуу, ага ылайык акциялар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.
“Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү тутумунда “Кыргызтелеком” ААКнын акцияларынын негизги пакети 13-июндан баштап санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.