Салык төлөөчүлөрдүн салык боюнча туумдарын жоюуга бир ай калды

30.11.2022, 12:30 Акчабар
Салык төлөөчүлөрдүн салык боюнча туумдарын жоюуга бир ай калды

Салык төлөөчүлөр 2022-жылдын аягына чейин төлөнбөгөн салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын төлөөдө чегерилген айыптарды, санкцияларды жана туумдарын жое алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мындай жеңилдик “Кошулган пайыздар, туумдар, салык санкциялары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө” мыйзамда каралган.

Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 31-декабрына чейин салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөргө айыптык санкциялар, санкциялар жана туумдар 50%га чейин жоюлат. Ошондой эле, 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыз реструктуризацияланууга тийиш.

“Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды жоюу маселеси боюнча катталган жериңиз боюнча салык органына кайрылууңуз керек”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.

 

Тэги: новости Кыргызстана ГНС начисление пени списание санкций

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу