"Салым Финанс" микрофинансылык компаниялардын ачык акционердик коому компаниянын башкаруу органдарына кирген адамдардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Директорлор кеңешинин 2023-жылдын 1-сентябрында кабыл алынган чечимине ылайык, Исабек Ибраевдин компаниянын башкармалыгынын мүчөсү катары ыйгарым укуктары токтотулду.
Казыналык башкармалыгынын начальниги Салтанат Кудайбердиева "Салым Финанс" МФК ААКнын башкармалыгынын мүчөсүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бирок бул дайындоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү макулдугун алуу менен жүзөгө ашырылат.
Эске салсак, бир күн мурун компания артыкчылыктуу акцияларын 15,1 миллион сомго сатканы белгилүү болгон.