Улуттук банк жыл башынан бери жарым млрд сом зыян тартты

17.06.2024, 08:58 Акчабар
Улуттук банк жыл башынан бери жарым млрд сом зыян тартты

Улуттук банктын май айына карата чыгашасы 509 млн 214 миң сомго жетти. Бул тууралуу аталган мекеменин финансылык абалы жөнүндө баяндамада айтылат. 

Мындай терс каржылык абал Улуттук банктын ушул жылдын башынан берки ишмердигин чагылдырат. Алсак, январь айында банк 126,5 млн сом зыян тарткан, андан кийин март айын кошпогондо, чыгымдар өскөн, февраль айына карата көзөмөл органы жоготууларды 17,3 млн сомго азайтууга жетишкен. Натыйжада Улуттук банк биринчи кварталды 127 млн 950 миң сом чыгаша менен жапты.

Апрель айында Улуттук банктын чыгымы дээрлик 4 эсеге өсүп, 480,5 млн сомго жеткен. Ошентип, май айында көзөмөл органы дагы 28 млн 689 миң сомго зыян тартты. 

Эскерте кетсек, 2023-жылдын январь-май айларында республиканын Улуттук банкы 8 млрд 92 млн сом киреше алган.

 

Тэги: новости Кыргызстана убыток Национальный банк деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу