«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун орточо суммасы 870 сомду түзөт

07.04.2020, 15:00 Акчабар
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун орточо суммасы 870 сомду түзөт

Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны 2020-жылдын 1-мартына карата 425.8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. 

Анын айтымында, кошумча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына  (309 миң 407) ай сайын 870 сомдон «үй-бүлөгө көмөк» кошумча жөлөк пул төлөнүп берилет. 

Ай сайын орточо эсеп менен 3 миң 9 сомдон, 93 миң 546 жаранга социалдык  жөлөк пул катары төлөнүп турат. 

2020-жылы балага сүйүнчүнү 22.9 миң жаран алган. 

Эске сала кетсек, «Балага сүйүнчү» ар бир төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон төлөнүп берилет. Эгерде бир убакта бир үй-бүлөдө үч же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнүп берилет. 

Тэги: жөлөк пул 870 сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу