"Ак-Тилек" кооперативинин каржылык-экономикалык ишмердигинде өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан "Ак-Тилек" соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылган.
"Жыйынтыгында, "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 млн сомдон ашкан "Ак-Тилек" базарын КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.