УКМК: Коррупция фактысы боюнча эки мамлекеттик кызматкер кармалды

21.02.2020, 17:30 Акчабар
УКМК: Коррупция фактысы боюнча эки мамлекеттик кызматкер кармалды

Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полиция) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Белгилүү болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Б.У.Р Салык кызматынын жооптуу кызматкери А.С.М. менен биргеликте Кыргызстанга товарларды тоскоолдуксуз салык төлөмдөрүн төлөбөстөн өткөрүү үчүн акча алып турушкан», - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында Б.У.Р. менен А.С.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Алар Кылмыш кодексинин 319-беренеси боюнча («Коррупция») шектелүүдө», - деп билдиришти УКМКдан.

Тэги: УКМК салык кызматы коррупция фактысы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу