УКМК: Прокурор Өмүрзаков мамлекетке 20 млн сом төктү

01.02.2021, 12:30 Акчабар
УКМК: Прокурор Өмүрзаков мамлекетке 20 млн сом төктү

Тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу Улукбек Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Жолчырак» көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууга шектелгендердин катарында Ош облусунун прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков болуп, кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан У.Өмүрзаковго карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган адамдардын «Жолчырак» кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди.

Үстүбүздөгү жылдын 30-январында тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана мамлекетке келтирилген 20 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга байланыштуу У.Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Тергөө иштери жана соттук териштирүү бүткөнгө чейин ал үй камагына чыгарылды.

Мындан сырткары, У.Өмүрзаков прокуратурадагы кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган.

Тэги: Улукбек Өмүрзаков 20 млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу