Украинадан чыгып кетүү үчүн элчиликке 300дөй кыргыз кайрылды

25.02.2022, 14:50 Акчабар
Украинадан чыгып кетүү үчүн элчиликке 300дөй кыргыз кайрылды

Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөй кыргызстандык кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

ТИМ Украинада аба каттамдары токтогондуктан ал аймактагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Украинада 1300дөн ашык кыргыз бар, анын 700гө жакыны  элчиликтин консулдук каттоосунда. Алар Одесса, Киев жана Харьков шаарларында жашайт.

Украинадагы азыркы кырдаалга байланыштуу Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн төмөндөгүдөй ыкчам байланыш телефондору иштөөдө:

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш номурлары:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын номурлары:

+996 551 312 000

+996 703 428 865

+996 709 983 465

+996 554 065 215

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путин Украинага карата атайын аскердик операция баштады. Анын алкагында жабыркагандар жана каза тапкандар бар.

 

Тэги: Украина элчилик эвакуация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу