Улуттук банк Ош шаарындагы он жаранга айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн.
"Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын 10 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.