Улуттук банк 86,5 млн доллар сатуу менен эң ири интервенция жасады

28.01.2022, 12:02 Акчабар
Улуттук банк 86,5 млн доллар сатуу менен эң ири интервенция жасады

Улуттук банк кечээ, 27-январда валюта рыногуна 86 млн 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу Башкы банктын расмий сайтында жарыяланган.

Бул банктын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Ошондой эле бул 2022-жылдагы экинчи ирет жасалган интервенция. Улуттук банк акыркы жолу 12-январда интервенция жасап, анда 70 млн 100 миң доллар сатылган.

Эске салсак, Улуттук банк 2021-жыл ичинде 15 ирет интервенция жүргүзүп, анда жалпы валюта рыногуна 702 млн 950 миң доллар саттыкка чыгарган.

Тэги: КР Улуттук банкы интервенция доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу