Өлкөнүн мыйзамын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн бир акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Ошондой эле, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн беш Кыргызстандын жаранына 17 миң 500 сомдон айып салынды.