Улуттук банк АКШ долларынын курсунун өйдө-ылдый болушунун себебин түшүндүрдү

15.04.2022, 11:01 Акчабар
Улуттук банк АКШ долларынын курсунун өйдө-ылдый болушунун себебин түшүндүрдү

Акыркы учурда ички валюта рыногунда АКШ долларынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсү көп учурда, тышкы финансы рынокторунда белгисиздик, Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө өзгөрүлмөлүүлүк сакталып тургандыктан, психологиялык факторго байланыштуу болуп жатат.  Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, 2022-жылдын башынан тартып 13-апрелге чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284,30 млн доллар суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция (алардын ичинен 66,65 млн доллары нак түрдө сатылган) жана 19,90 млн доллар суммасына доллар сатып алуу боюнча эки интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында, таза сатуу 264,40 млн долларды түзгөн.  

“Экономикалык коопсуздукту, финансы жана банк системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк тарабынан бир катар чектөө чаралары белгиленген: финансы-кредит уюмдары тарабынан нак АКШ долларын чыгаруу убактылуу токтотулган, сомго карата орус рублинин расмий курсунун рыноктук курсу белгиленген, финансы-кредит уюмдары үчүн казак теңгесин сатып алуу курсу убактылуу төмөндөтүлгөн (Казакстандын аймагына товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттогон жактардан тышкары),  финансы-кредит уюмдары үчүн теңге боюнча операцияларды жүргүзүү көлөмү убактылуу чектелген”,- деп айтылат маалматта.  

Ошондой эле Улуттук банк кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин мындан ары да улантат, зарылчылык келип чыккан учурда, курстун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык тиешелүү операцияларды, анын ичинде валюталык интервенцияларды жүргүзөт. 

Белгилей кетсек, Улуттук банктын валюта саясаты өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатынын принциптерине негизделген. Өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун учурдагы саясатына таянып, Улуттук банк ички валюта рыногун катуу жөнгө салбайт, алмашуу курсу боюнча кандайдыр чектерди, аралыктарды белгилебейт жана чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун тенденцияларын аныктабайт. Себеби Кыргызстанда алмашуу курсу белгиленген болуп саналбайт, ал чет өлкө валютасын сатып алуучулар менен сатуучулар ортосунда өздөрүнүн керектөөлөрүнө жараша аныкталат.  

Улуттук банк дагы валюта рыногунун катышуучусу болуп саналат, ал башкалардан айырмаланып, АКШ долларынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө жана валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында өзүнүн функциясына жараша иштерди жүргүзөт.

 

Тэги: доллардын курсу Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу