Улуттук банк Бишкектеги дагы бир акча алмаштыруу жайынын ишин токтотту. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-октябрынан 4-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Абдрахманов көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан "Ихсан ЛТД" ЖЧКсынын акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы токтотулган.
Ушул айда төртүнчү акча алмаштыруу жайынын иши токтотулган.
Эскерте кетсек, 19-26-октябрь аралыгында «Миррат ЛТД», «Талисман Плюс» жана «Финанс Профи» акча алмаштыруу жайларынын иши убактылуу токтотулган.