Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту

20.04.2022, 17:18 Акчабар
Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту

Бишкектеги «Байкут и Ко» жана «Ариет финанс» акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүнаталган акча алмаштыруучу жайлардын лицензияларынын аракети токтотулду. 

20-апрелинен тартып 24-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

  • Бишкек шаары, Москва көчөсү 164-үй, 12-кв. дареги боюнча жайгашкан «Байкут и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 6115 лицензиясы; 

2022-жылдын 20-апрелинен тартып 4-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

  • Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Ариет финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы. 

 

Тэги: Акча алмаштыруучу жай Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу