Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 5 пайыздык деңгээлде сакталып калды

25.08.2020, 14:00 Акчабар
Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 5 пайыздык деңгээлде сакталып калды

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлде сактап калды. Бул чечим 2020-жылдын 25-августунан тартып күчүнө кирет. Мындай маалымат башкы регулятордун сайтына жарыяланды.  

 

Маалыматка жазылгандай, экономиканын өнүгүшүнө мурдагыдай эле, тышкы экономикалык шарттар жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы аракеттенүү чараларынан улам орун алган факторлор көбүрөөк таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдө экономикалык жигердүүлүк акырындап калыбына келе баштагандыгына карабастан, тышкы сектордогу жагдай белгисиз бойдон турат. Экономиканын кризиске чейинки деңгээлге кайтып келүүсү буга чейин болжолдонгондон көбүрөөк убакытты талап кылышы мүмкүн.

Пандемиянын жайылышы жана анын тийгизген терс кесепеттери айыл чарба секторун жана «Кумтөр» ишканаларын эске албаганда, экономиканын дээрлик бардык секторлорунда экономиканын кескин төмөндөшүнө алып келген. Өлкө экономикасынын реалдуу секторунун көрсөткүчтөрү акыркы бир нече жылдардагы минималдуу мааниге жетүү менен терс зонада болуусун улантууда. Кыргызстанга акча которуулар агымынын көлөмү өткөн жылдагы көрсөткүчтөн төмөн болуп, ички керектөөнүн бир калыпта кармалышын шарттаган.

Инфляцияны басаңдатуучу факторлор күчөгөндүгүнө байланыштуу, инфляция динамикасы төмөндөөсүн улантууда. Инфляциянын жылдык көрсөткүчү өтүп жаткан жылдын апрелинде жогорку чекке жетип, 2020-жылдын август айында (14-август) 4,9 пайызга чейин төмөндөгөн.

Инфляциянын төмөндөшүнө рыноктун сезондук товарлар менен камсыз болушу жана улуттук валютанын курсунун салыштырмалуу туруктуу сакталышы менен катар эле, азыраак ички суроо-талап өбөлгө түзгөн.

Тэги: Улуттук банк эсептик чен өлчөм пайыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу