Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатты

01.03.2022, 10:01 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк Башкармасы 28-февралда эсептик ченди (негизги ченди) 150 базистик пунктка 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу маалымат борбордук банктын сайтында жарыяланды.

Бүгүн, 1-марттан тартып аталган чечим күчүнө кирет. 

Кыргызстандын экономикасы COVID-19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу кризистен кийин калыбына келүүсүн улантып жатат. Жагымсыз эпидемиологиялык жагдайдын сакталышы менен катар эле дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий тобокелдиктеринин өрчүшү тышкы чөйрөнүн өлкө ичиндеги экономикалык процесстерге, анын ичинде керектөө бааларына терс таасирин тийгизүүчү үстөмдүк кылган факторлордон болуп саналат. 

Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктөргө жана майлоочу-күйүүчү материалдарга баалардын өсүшү таасирин тийгизип жатат. 2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жылдык мааниде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн. 

Ошол эле учурда өлкөдө келечектеги баа динамикасы көп учурда соода боюнча өнөктөш өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүү шарттарына көз каранды. Геосаясий тобокелдиктеринин биздин региондогу бардык өлкөлөргө жалпы тийгизген таасирин эске ала турган болсок, Кыргызстандын соода жүргүзүү шарттары мында олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Аны менен катар геосаясий тобокелдиктеринин улам курчушунан түзүлгөн дүйнөлүк финансы рынокторундагы белгисиздик өлкөгө кошумча инфляциялык басым жаратат. 

“Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизет”,- деп айтылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт.  

Тэги: КР Улуттук банкы эсептик чен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу