Улуттук банк ички рынокто алтын куймаларды сата баштады

01.02.2022, 11:13 Акчабар
Улуттук банк ички рынокто алтын куймаларды сата баштады

Бүгүн, 1-февралдан тартып Улуттук банк Кыргызстандын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сата баштайт. Бул тууралуу борбордук банктан билдиришти.

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10900 граммдан 13400 граммга чейинки салмакта даярдалган, куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 пайыз химиялык таза металл түзөт. 

Аффинаждалган алтын куйманын сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө белгиленет жана ал күнүмдүк негизде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланып турат.  

"Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып албайт",- деп айтылат маалыматта. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу Улуттук банктын борбордук жүгүртүү касса тобу тарабынан нак эмес формада ишке ашырылат. 

Белгилей кетсек, аффинаждалган куймалар даярдап чыгарган заводдун аффинаждалган алтын куйманын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрүн тастыктаган сертификатын жана аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жөнүндө квитанцияны милдеттүү түрдө тиркөө менен сатылат.  

Эскерте кетсек, аффинаждалган алтын куймаларын сатуу шарттары жөнүндө толук маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Тэги: КР Улуттук банкы Кыргызстандын ички рыногу Аффинаждалган алтын куймалары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу