Улуттук банк кезектеги интервенция жүргүзүп, 53 млн доллар сатты

11.03.2020, 10:10 Акчабар
Улуттук банк кезектеги интервенция жүргүзүп, 53 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53,7 млн АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

«Учурда өлкөнүн валюта базарында абал туруктуу. Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. 9-мартка карата эл аралык резерв 2 млрд 428,26 млн долларды түзүүдө», - деп билдирди Улуттук банк.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы 140,2 млн долларды интервенция кылды.

10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттады. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.

Мисалы, «Demir Bank» 72,85 сомдон сатып алып, 72,95 сомдон саткан. KICB 72,90 сомдон сатып алып, 73 сомдон сата баштаган.

10-мартта эртең менен 1 АКШ доллары 69,85-69,95 сомдун тегерегинде болчу.

Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат.

Тэги: Улуттук банк интервенция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу