Улуттук банк: жасалма доллар көбөйүүдө

18.04.2022, 17:56 Акчабар
Улуттук банк: жасалма доллар көбөйүүдө

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүүдө. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Ага байланыштуу, банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат. 

“Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл. Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш”,- деп айтылат маалыматта. 

Банк ошондой эле чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөрүн белгилейт. 

Эскерте кетсек, жасалма банкнотторду даярдоо, жайылтуу да КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 

Тэги: жасалма банкнот АКШ жоллары КР Улуттук банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу